Ырчы Гүлназ Чыныбек кызы Руандадан келген Moriox Kids бий тобу менен бир сахнада өнөр тартуулады.
Эске салсак, африкалык бийчилер Гүлназ Чыныбек кызынын «Аттиң ай» жана башка кыргыз ырларына бийлеп, социалдык тармактарда популярдуулукка жеткен. Ырчы алар менен Руандада жолугуп, биргелешкен клип да тарткан.