Кечээ, 6-сентябрда Кырчын жайлоосундагы "Бишкек Ордо" этно-шаарчасында ишембилик өттү.
Мэрия билдиргендей, ага Бишкек шаарынын муниципалдык администрацияларынын кызматкерлери жана "Тазалык", "Бишкексвет", "Бишкекжашылдандыруу" ишканаларынын өкүлдөрү катышты.
Ишембиликтин жүрүшүндө боз үйлөр тазаланып, таштандылар чогултулуп чыгарылды. Ошондой эле коомдук жайлар жана этношаарчанын айланасы иретке келтирилди.