Биз социалдык тармакта

44 жылдан кийин "Дүйнө сулуусу" наамы кайрадан Доминиканга тийди

"Дүйнө сулуусу-2026" сынагынын жеңүүчүсү аныкталды. Быйылкы таажы Доминикан Республикасынын 24 жаштагы өкүлү Жохейри Молага берилди. Доминикан Республикасы бул наамды 44 жылдан кийин кайрадан жеңип алды.

Ал эми сынактын биринчи вице-сулуусу Испаниядан келген Элизабет Рейнес болсо, экинчи вице-сулуу наамын Малайзиянын өкүлү Таанусия Четти алды.

Эскерте кетсек, финал Вьетнамдын Нячанг шаарында өтүп, ага 111 өлкөнүн өкүлү катышты. "Дүйнө сулуусу-2026" сынагына Кыргызстандан Саадат Асылбекова да катышкан. Иш-чара Вьетнамда 9-августтан 6-сентябрга чейин өттү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан