
Өлкөдөгү кесиптик лицейлерде 2026-2027-окуу жылы 15-сентябрда башталып, 2027-жылдын 3-июлунда аяктайт.
Агартуу министрлигинен маалымдашкандай, мындай чечим кесиптик башталгыч билим берүү деңгээлинде окуу жылынын оптималдуу узактыгын белгилөө жана окуу жүктөмүн сарамжалдуу бөлүштүрүүнү камсыз кылуу максатында кабыл алынды.
Эске салсак, буга чейин министрлик жаңы окуу жылы 15-сентябрда башталып, 2027-жылдын 25-майында аяктарын билдирген. Быйылкы окуу жылындагы өзгөрүүлөрдү шилтемеден
окуй аласыз.