Социалдык тармактарда 9-12 жаштар чамасындагы балдардын эшек минип, улак тартып жаткан видеосу кызуу талкууланууда. Видео 3-сентябрда kyrgyz_vibes_tours баракчасына жарыяланган.
Тасмадан жаш улакчылар эшектерди ишенимдүү башкарып, оюн учурунда ыкчам кыймылдап, "улакты" жерден эңип алып жатканын көрүүгө болот. Балдардын өзүнө болгон ишеними колдонуучулардын кызыгуусун жаратууда.
Комментарийлерде Көк бөрү федерациясына жаш улакчыларга көңүл буруу сунушталып, алардын арасынан улуттук оюндун келечектеги мыкты чеберлери чыгышы мүмкүн экени айтылууда.