Биз социалдык тармакта

Таласта шаарчанын ачылышына роботтор да кызуу даярдык көрүүдө (видео)

Бүгүн, 7-сентябрда Талас шаарындагы "Баластан" шаарчасында роботтордун бийлеп жатышканы тартылган видео социалдык тармактарда тарады.

Видеодон роботтор музыкага кошулуп, бирдей кыймылдарды жасап бийлеп жатышканы көрүнөт.

Буга чейин жергиликтүү диснейленд деп аталган "Баластанда" жасалма интеллект менен иштеген 5-6 робот келгендерге кыргыз тилинде гид катары кызмат көрсөтөрү айтылган.

Маалыматка ылайык, борбордо аттракциондор, кинотеатр, боулинг, лабиринттер, чыгармачылык жана интеллектуалдык өнүгүү үчүн аянтчалар болот.

Эскерте кетсек, "Баластандын" салтанаттуу ачылышы 11-12-сентябрга пландалган. Иш-чара Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгын белгилөөнүн алкагында өтүп, ага президенттин катышуусу күтүлүүдө.

"Атаганат десеңчи" Таласта роботтор дагы кызуу даярдык көрүүдө
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан