Ысык-Көлдө өткөн ири иш-чараларда коомдук коопсуздукту камсыздап, тартипти көзөмөлдөгөн милиция кызматкерлеринин эмгеги коомчулуктун көңүлүн бурду.
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында алар түн уйкусунан кечип, жаан-чачынга, суукка карабай бир нече күн бою коомдук тартипти камсыз кылып, элдин коопсуздугу үчүн кызмат өтөштү.
Кызматкерлердин иш-аракети тартылган видеолор социалдык тармактарга тарап, көпчүлүк аларга ак эмгеги жана күжүрмөн кызматы үчүн ыраазычылык билдирип жатат.