Таласта өлкө эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгын белгилөөгө карата шаарды көрктөндүрүү жана тазалоо иштери күчөтүлдү. Жергиликтүү тургундар жана тиешелүү кызматтар майрамдык иш-чараларга даярдык көрүп, шаарды иретке келтирүүдө.
Жергиликтүү бийликтин маалыматы боюнча, Эгемендүүлүк күнүнө карата Таласта 11-12-сентябрда масштабдуу майрамдык иш-чаралар өтөт. 11-сентябрда чоң концерт, дрондордун шоу-программасы жана фейерверк уюштурулат.
Майрамдык программага Arash, Fly Project, K-Maro, Nana, Hi-Fi, Согдиана жана Кайрат Нуртас сыяктуу белгилүү ырчылар катышары күтүлүүдө.