Бүгүн, 7-сентябрда эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаев кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койду.
Эскерте кетсек, Сагынбаев бул кызматка 2025-жылдын 4-сентябрында дайындалган.