“Кумтөр” боюнча 2003-2009-жылдардагы зыяндуу келишимдерге канадалыктардын күнөөсү бар экени юридикалык жактан аныктала элек. Муну парламенттеги Эл аралык иштер жана Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү комитеттеринин кошмо жыйынында биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев билдирди.
Жыйында депутаттар “Эгер мурдагы келишимдердин мыйзамсыз экени чын болсо, анда эмне үчүн “Центерра” менен кайрадан келишим түзгөнү жатабыз?” деп айтышкан эле.
Жоомарт Оторбаевдин айтымында, эгер мурунку келишимдер боюнча канадалык тараптын күнөөлүү экени юридикалык жактан аныкталса, иш башкача болот. Башкача айтканда, “Кумтөр” боюнча түзүлгөн (азырынча колдоо таба элек) жаңы келишим да бузулушу мүмкүн.