Кыргызстандын ички иштер министри Улан Ниязбеков Кытайда өткөн "Борбордук Азия – Кытай" форматындагы ички иштер жана коомдук коопсуздук министрлеринин расмий эмес жолугушуусуна катышты. Бул тууралуу бүгүн, 7-сентябрда мекемеден билдиришти.
Маалым болгондой, жолугушууда коопсуздукту камсыз кылуу, трансулуттук кылмыштуулук, терроризм, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү жана киберкылмыштуулукка каршы күрөшүү маселелери талкууланды.
Ниязбеков мамлекеттер ортосундагы байланыштардын кеңейиши укук коргоо органдарынын кызматташтыгын да күчөтүүнү талап кыларын белгиледи.
Ошондой эле сапардын алкагында Фучжоу шаарындагы укук коргоо кызматкерлерин даярдоочу окуу борборунун ачылыш аземине катышты.