Казакстандын премьер-лигасында "Кайсар" футбол клубу "Алтайга" 0:2 эсебинде утулду. Бул команда үчүн катары менен төртүнчү жеңилүү болду.
Беттештен кийин "Кайсардын" эки оюнчусу Нурали Жаксылык менен Нурдаулет Агзамбаев оюн талаасында өз ара пикир келишпестикке барып, мушташа кете жаздашты.
"Кайсар" 24 оюндан кийин 20 упай менен акыркы, 16-орунда турат.