Москва шаарында өтүп жаткан Street Workout спорту боюнча эл аралык мелдеште өлкө намысын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучусу Руслан Жантөрөев коргоп жатат.
Министрликтен маалымдашкандай, мелдешке дүйнөнүн 60 өлкөсүнөн спортчулар катышууда.
"Руслан Жантөрөев куткаруучулук кесип менен бирге спортту айкалыштырып, Street Workout багытында жогорку деңгээлде машыгып келет. Эл аралык мелдеште Кыргызстандын туусун желбиретип, өлкөбүздүн намысын татыктуу коргоо үчүн күчүн сынап жатат",- деп айтылат маалыматта.