Биз социалдык тармакта

Казакстан VI Көчмөндөр оюндарында биринчи орунду ээледи

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында жалпы командалык эсепте Казакстан биринчи орунду ээледи. Бул тууралуу бүгүн, 7-сентябрда президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

Анын айтымында, медалдарды эсептөөдө техникалык өзгөрүү киргизилип, Казакстандын үч спортчусунун медалдары өзүнчө эсептелди.

"Өзгөчө көк бөрү жана жер улакта кыргыз жана казак командалары мыкты оюн көрсөтүп, атаандаштык оюн талаасында гана каларын дагы бир жолу далилдешти. Күйөрмандардын арасында да эч кандай маселе жаралган жок. Бул үчүн спортчуларга жана эки элдин күйөрмандарына өзгөчө ыраазычылык билдиребиз. Командалык эсеп боюнча бир гана техникалык айырма медалдарды эсептөөдө жаралган. Бүгүн уюштуруу комитети Казакстандын үч спортчусунун ар биринин медалын өзүнчө эсептөө чечимин кабыл алды. Ошентип, жалпы командалык эсепте Казакстан биринчи орунду ээледи. Казак боордошторубузду жеңиши менен куттуктайбыз! Кыргызстандык спортчулар да бул оюндарда өз күчүн, чеберчилигин татыктуу көрсөттү. Медалдын эсеби спорттун бир бөлүгү, ал эми бул оюндардын эң чоң жеңиши атаандаштыкты сый-урмат менен өткөрүп, боордош элдердин ынтымагын дагы бир жолу көрсөтө алганыбыз болду",- деп билдирди Алагөзов.

Эске салсак, көчмөндөр оюндарынын жыйынтыгы медалдык эсеп боюнча талаш жараткан. Кыргызстан менен Казакстандын социалдык тармактарындагы колдонуучулар бул боюнча ар кандай пикирлерин билдиришкен.

Буга чейин Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги көчмөндөр оюндарында жалпы командалык медалдык эсеп жүргүзүлбөй турганын билдирген. Министрлик оюндардын негизги максаты медаль үчүн атаандашуу эмес, көчмөндөрдүн маданиятын жана салттуу спорт түрлөрүн даңазалоо экенин белгилеген.

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын негизги таймаштардын бири — көк бөрү жана жер улак боюнча мелдештерде кыргызстандык улакчыларга тең келген команда болгон жок. Финалдык беттештерде Кыргызстан Казакстандын командаларын эки оюнда тең ири эсеп менен жеңип, чемпиондук кубокту ээлеп, көк бөрү менен жер улакта өзүнүн күчүн дагы бир ирет далилдеди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан