Ош шаарында уруксат берүүчү документтери жок жана курулуш талаптарына жооп бербеген объекттерди бузуу иштери улантылууда.
Маалыматка ылайык, шаар мэри Жанар Акаевдин тапшырмасынын негизинде мыйзамсыз курулуштар аныкталып, аларды алуу боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатат.
Учурда Курманжан датка көчөсүндөгү Увам каналынын корук аймагында жайгашкан мыйзамсыз курулуштар бузулуп, аймакты баштапкы абалына келтирүү иштери жүрүүдө.