Бүгүн, 3-февралдагы маалымат жыйынында Алкоголь продукциясын өндүрүүчүлөр ассоциациясынын президенти Турсунбек Күрөңкеев “КРнын Өкмөтү спирт ичимдиктеринин айрым түрлөрүнө болгон акциздик салыкты кымбаттатып, туура эмес чечим чыгарды” деп нааразылыгын билдирди.
Анын айтымында, 2014-жылдын 23-январында кабыл алынган өкмөттүн токтому менен арак, ликёр-арак азыктары жана күчтүү ичимдиктерге акциздик салыктын баасы 3 эсе кымбаттаган. Алардын 1 литри 60 сомго барабар болуп, шампан, коньяк, сыра продукцияларына салык баасы өзгөрүлгөн эмес. “Биздин оюбуз боюнча, салык салуунун көтөрүлүшүнө бизди тааныган адамдар түрткү болуп жатат. Бирок далилдерибиз жок болгондуктан, алардын аттарын айта албайбыз”, - деди Күрөңкеев.
Ошондой эле "өндүрүүчү чыгарган даяр продукциянын дүң баасы 0,5 литрине 81 сом жана чекене баасы 0,5 литрине 90 сом болсун" деген талабын айтты.