Биз социалдык тармакта

Юстиция министри Аяз Баетов кызматынан кетти

Юстиция министри Аяз Баетов башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу кызматынан бошотулду. Бул тууралуу бүгүн, 8-сентябрда президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койду.

Эскерте кетсек, Баетов 2021-жылдын май айында юстиция министри болуп дайындалган. Ал 2025-жылдан бери мамлекеттик башкарууну бюрократиядан арылтуу багытында кошумча милдеттерди да аткарып келген. Анын кайсы ишке өткөндүгү азырынча айтыла элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан