Биз социалдык тармакта

"Жусуп" тарыхый драмасы чоң экранга жол алды (видео)

Жусуп Абдрахмановдун өмүрүнө арналган "Жусуп" тарыхый драмасы 17-сентябрдан тарта өлкөнүн бардык кинотеатрларында көрсөтүлөт. Бул тууралуу тасманын расмий аккаунту маалымдалды.

Аталган тасмада XX кылымдын биринчи жарымындагы тарыхый окуялар, ошол мезгилдеги оор сыноолор жана Жусуп Абдрахмановдун чындык үчүн күрөшү чагылдырылган.

Мындан тышкары, Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн негиздөөчүлөрүнүн бири болгон мамлекеттик ишмердин татаал тагдыры, мекенге болгон берилгендиги жана тарыхый чечимдери баяндалат.

Эске салсак, "Жусуп" тасмасынын улуттук бет ачары 25-августта өткөн.

"Жусуп" тарыхый драмасы чоң экранга жол алды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан