Орусиянын Самара шаарындагы эс алуу паркында орус жигити кыргызча ырдап, эс алуучуларга жакшы маанай тартуулады. Андрей аттуу жигит видеону өзүнүн социалдык тармактагы баракчасынан бөлүшүп: "Музыка бир кезде өзүңө жакын болуп калган жерлерди эске салганда, анын таасири өзгөчө болот",- деп билдирүү калтырды.
Ал Кыргызстанда бир аз убакыт жашап, ошол учурда кыргызча ырларды үйрөнүп, жаттап алганын айтып берди. Кыргыз элинин тилине жана маданиятына болгон кызыгуусун ыр аркылуу көрсөтүп, парктын конокторуна жагымдуу маанай тартуулады.
Анын кыргыз тилинде эркин ырдаганы эс алуучулардын көңүлүн буруп, жылуу пикирлерди жаратты.