Биз социалдык тармакта

Ысык-Көлдүн жээгинде башкыр музыканты күү ойноду (видео)

Башкыртстандын белгилүү музыканты, AY YOLA этно-тобунун мүчөсү Ринат Рамазанов Ысык-Көлдүн жээгинде курайдын күүсүн жаңырта чертти.

Музыкант социалдык тармактагы баракчасына жээкте отурган видеосун киргизип, "Ысык-Көлдүн жээгинде курайдын күүсүн жаңырталычы!" деген билдирүү калтырды. Анын билдирүүсүн күйөрмандары колдоого алып, жылуу пикирлерин калтырышууда.

Эскерте кетсек, AY YOLA тобу VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын элчилеринин бири болду. Топ Кыргызстанда бир нече иш-чараларга катышты.

Маалымат үчүн: курай кыргыздардагы чоорго окшош башкырлардын улуттук музыкалык аспабы.

Ысык-Көлдүн жээгинде башкыр музыканты күү ойноду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан