1-3-октябрь күндөрү Ош шаарынын күнүнө карата дүйнөлүк бокстун легендасы Рой Жонс келет. Бул тууралуу Кесиптик бокс лигасынын президенти Шайлообек Атазов социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
Рингде Кыргызстан, Орусия, Франция, Түштүк Корея, Казакстан, Өзбекстан, Бириккен Араб Эмираттары жана башка өлкөлөрдүн мушкерлери күч сынашат.
Ошондой эле Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу WBA жана WBC чемпиондук курлары үчүн беттештер өтөт.