Биз социалдык тармакта

Айсулуу Тыныбекова Көчмөндөр оюндары тууралуу пикирин билдирди

Белгилүү кыргыз балбаны Айсулуу Тыныбекова бүгүн, 8-сентябрда социалдык тармактагы баракчасына VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары тууралуу пикирин жазды.

Анда Тыныбекова эл аралык иш-чараны уюштурууга катышкан ар бир жаранга ыраазычылык билдирип, ыктыярчылардын эмгегин өзгөчө белгилеп өткөн.

"Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын өз мекенимде өткөрүлүшү - мен үчүн чоң сыймык. Бул долбоордун келечеги кең экенине ишенем. Мындай эл аралык иш-чаралардын Кыргызстанда өтүшү улуттук спортубузду, маданиятыбызды ааламга таанытып, өлкөбүздө туризмдин өнүгүшүнө жол ачат.

Оюндарды уюштурууга катышкан ар бир инсанга терең ыраазычылык билдирем. Күнү-түнү тынбай эмгектенген ыктыярчыларыбыздын салымы аябай чоң болду. Сиздердин аракет, меймандостук жана жоопкерчилик аркылуу өлкөбүздүн аты дагы бир ирет бийикке көтөрүлдү",- деген Тыныбекова.

Айсулуу Тыныбекова Көчмөндөр оюндары тууралуу айтты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан