Биз социалдык тармакта

Осака Рыбакинанын оюнун Соболенко менен салыштырды

Япониялык теннисчи Наоми Осака АКШнын ачык чемпиондугундагы жеңишинен кийин казакстандык Елена Рыбакина менен дүйнөнүн биринчи ракеткасы Арина Соболенконун оюн стилин салыштырды.

Осака белгилегендей, эки теннисчинин тең соккулары абдан күчтүү, бирок күчүн ар башкача көрсөтүшөт.

Рыбакина топту абдан тез урат, ал эми Соболенко - өтө оор сокку урат. Экөө тең күчтүү, бирок ар башкача”,- деген Осака журналисттерге.

Ошондой эле япониялык спортчу Рыбакинанын соккуларын так аткарарын жана анын берүүлөрү дүйнөдөгү эң мыктылардын катарына кирерин белгилеген.

Эске салсак, Рыбакина US Open-2026 турниринин 1/8 финалында Осаканы 6:1, 6:4 эсебинде жеңип, чейрек финалга чыкты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан