Биз социалдык тармакта

Мугалимдерди ишембиликке чыгаргандарды жазага тартуу сунушталууда

Мугалимдерди оңдоп-түзөө иштерине, ишембиликке тарткан тарапка жаза чегерүү сунушталды. Тиешелүү мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев иштеп чыгып, парламенттин сайтындагы коомдук талкуу бөлүмүнө коюлду.

Документте мугалимдерди кесибинен башка иштерди аткарууга мажбурлагандар айыпка жыгыларын белгиленген. Бул үчүн жеке жаткарга 7500 сом, юридикалык жактарга 23 миң сом айып пул салынат. Ошондой эле өзүнүн кесибине туура эмес келген иштерди аткаруудан баш тарткан мугалимдердин укугун коргоо каралган. Долбоор боюнча, баш таркан мугалимди тартиптик жазага тартууга, эмгек келишим бузууга жол берилбейт. Андай кадамга барган жеке жактар 20 миң сом, юридикалык жактар 65 миң сом айыпка жыгылышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан