Биз социалдык тармакта

Ошто жаңы суу алуучу курулма курулуп бүттү

Ош шаарындагы Ак-Буура дарыясынын Даңги участогунда жаңы суу алуучу курулманын курулушу аяктады. Долбоор Азия өнүктүрүү банкынын гранты жана Ош шаардык мэриясынын кошумча каржылоосу менен ишке ашырылган.

Шаардык мэриядан билдиришкендей, долбоордун алкагында диаметри 1200 мм болгон суу алуучу курулма салынып, узундугу 2 миң 400 метрлик магистралдык суу түтүгү тартылды.

Учурда объектте 10 күндүк сыноо иштери жүрүп жатат. Сыноо ийгиликтүү аяктагандан кийин жаңы түтүк аркылуу Ош шаарынын тургундарын таза ичүүчү суу менен камсыздоо башталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан