Жыргалбек Медетканов Кыргызстандын курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон.
Медетканов буга чейин министрликке караштуу Турак жай-жарандык курулуш департаментинин директору болуп иштеген. Курулуш тармагындагы эмгек жолун 2008-жылы инженер болуп баштаган.
Ал эми буга чейин министрдин орун басары болуп келген Талантбек Иманакун уулу кызматынан бошотулду.