Бүгүн, 8-сентябрда, Ысык-Көл облусунда эл аралык «Ысык-Көл» оюндарын расмий ачуу аземи өттү.
Мелдешке Кыргызстандан тышкары Орусия, Кытай, Казакстан, Өзбекстан, Литва, Германия, АКШ, Иран, Корея жана Монголиядан келген спортчулар катышууда.
Жалпысынан спорттук оюндар 21 спорт түрү боюнча өткөрүлөт. Катышуучулар ар түрдүү дисциплиналарда күч сынашып, байгелүү орундар үчүн ат салышат.
Ачылыш аземине Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Урмат Асанбаев катышты.
Эл аралык турнир спортчулардын тажрыйба алмашуусуна, мамлекеттер аралык спорттук байланыштарды бекемдөөгө жана Ысык-Көлдө спортту өнүктүрүүгө багытталган.
Мелдештер 12-сентябрга чейин уланат.