Кечээ, 8-сентябрда Бишкек шаарынын мэриясында бир катар кадрдык дайындоолор орун алды.
Мэриядан билдиргендей, тиешелүү тескемеге калаа башчысы Айбек Жунушалиев кол койду.
- Асел Майнаева — Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын турак жай фонду бөлүмүнүн башчысы;
- Марлен Айбеков — Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы;
- Уран Мусаев — Бишкек шаарынын мэриясынын шаардык чарба департаментинин директору;
- Лилия Кучкачова — Бишкек шаарынын мэриясынын жеке турак жай курулуш жана шаар куруу департаментинин директору;
- Азамат Осмоналиев — Бишкек шаарынын мэриясынын Тармактык саясат башкармалыгынын шаар куруу, архитектура жана жер пайдалануу бөлүмүнүн башчысы;
- Азамат Бейшембаев — Бишкек шаарынын мэриясынын Көзөмөлдөө жана уюштуруу иштери башкармалыгынын башчысы;
- Олжас Маратов — Бишкек шаарынын мэриясынын Көзөмөлдөө жана уюштуруу иштери башкармалыгынын көзөмөлдөө жана уюштуруу иштери бөлүмүнүн башчысы;
- Руслан Кудайбергенов — Бишкек шаарынын мэриясынын Коррупцияга каршы аракеттенүү, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы.