Кечээ, 8-сентябрда белгилүү ырчы Гүлназ Чыныбек кызы Африканын Руанда өлкөсүнөн келген “MORIOX Kids” командасы менен Ош шаарында концерт берди.
Иш-чара борбордук аянтта өтүп, ага 20 миңге чукул адам чогулган.
“MORIOX Kids” командасы өзүн жогорку деңгээлдеги бийи жана аткаруу чеберчилиги менен элдин жылуу мамилесине татыды. Алар кыргыз ырларын ырдап, кара жорго бийин чеберчилик менен аткарышты.
Эске салсак, африкалык бийчилер Гүлназ Чыныбек кызынын "Аттиң ай" жана башка кыргыз ырларына бийлеп, социалдык тармактарда популярдуулукка жеткен.