Бүгүн, 9-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Улан Примов жөлөк пул берүүдөгү тартипти кайрадан караштырып чыгууну сунуштады.
Ал бул маселени чечүүнү эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин кызмат ордуна талапкерлиги каралып жаткан Алмаз Имангазиевден суранды. Анын айтымында, эски унаасы бар жарандарга жөлөк пул берилбей калып жатат. Андыктан, эл өкүлү жөлөк пул берүүдө унаалардын жылын тактоо жана мал-мүлктүн эсебин да карап чыгуу зарыл деп эсептейт.