Жогорку Кеңештин депутат Болот Сагынаев Бишкектеги ооруканалардын жанына социалдык турак-жайларды курууну сунуштады. Ал мындай пикирин бүгүн, 9-сентябрдагы парламенттин жыйынында билдирип, аймактагы майыптыгы бар жарандар дарыланууда кыйынчылыктарга туш болуп жатышканын айтты.
"Тууганды тууган батырбай турган заманда, алардын Бишкекке келип дарыланышы кыйын болуп турат. Ошондуктан Курулуш министрлиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, социалдык турак-жайларды курууну караштырыш керек. Майыптыгы бар балдарын ооруканага көрсөткөнү алып келген ата-энелерге бирөөнүн үйүндө жашоо, аны шаардын бир бурчунан күндө ооруканага ташуу кыйын",- деди эл өкүлү.