Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Жумабеков Орусиядагы кыргызстандыктар орус номурундагы унаалары менен Кыргызстанга кире алышпай жатканын айтты.
Эл өкүлү аларга өлкөгө унаалары менен кирүүгө белгилүү бир мөөнөт берүү керек деп эсептейт.
"Орусияда иштеп жүргөн мекендештерибиз Кыргызстанга эс алууга орус номурундагы унаалары менен келишсе, чек арадан киргизилбей жатат. Азыр учак билетинин баасы кымбат. Анан алар ошол жакта иш кылган унаасына үй-бүлөсүн салып алып келишет да. Анан унаасын Казакстанга калтырып, өлкөгө такси менен келип жатышат",- деди Жумабеков.