Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 9-сентябрда Жогорку Кеңеште кайрылуу жасады. Президент мамлекеттин өнүгүшү мыйзам чыгаруу бийлигинин ишмердүүлүгүнө байланыштуу экенин белгиледи.
Мамлекет башчы соңку жылдары өлкө өнүгүүнүн жаңы баскычына көтөрүлгөнүн айтып, алыда дагы көп максаттар бар экенин билдирди. Жапаров күчтүү Кыргызстанды түзүүгө бийликтин бир эле бутагы жетишпей турганын айтты.
"Президент, Жогорку Кеңеш жана Министрлер кабинети мамлекеттик саясаттын негизги багыты боюнча өз ара түшүнүшүү менен иш алып барганда гана мамлекет алдыга жылат",- деди өлкө башчы.