Кыргызстандын экономикасы акыркы төрт жылда жылына орточо 10,2 пайызга өсүп, туруктуулукту көрсөттү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 9-сентябрда Жогорку Кеңеште сүйлөп жатып билдирди.
Анын айтымында, 2026-жылдын январь-июль айларында өлкөнүн ички дүң продукциясынын реалдуу өсүү ыргагы 11,1 пайызды түздү.
Президент бул көрсөткүч Борбор Азияда гана эмес, дүйнөдөгү жогорку экономикалык өсүштөрдүн бири экенин белгиледи.