Жогорку Кеңештин депутаты Болот Сагынаев Боом капчыгайындагы унаа жолун жарыктандыруу керектигин айтты.
Эл өкүлү аталган жол тилкесинде бурулуштар көп болуп, кооптуу экенин белгиледи.
"Ысык-Көлгө туристтер көп барып жатышат. Кеминден ары жарыктандыруу даяр болуп калды. Тиги жагы Балыкчыдан бери келе жатат. Бир гана ушул Боом калды",- деди Сагынаев бүгүн, 9-сентябрдагы парламенттин жыйынында.