Дүйшөнкул Шопоковдун жаркын элесине арналган бокс боюнча Эл аралык мелдеште Кыргызстан командалык эсепте 1-орунду ээледи

Кечээ, 2-февралда Советтер Союзунун Баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун жаркын элесине арналган Эл аралык мелдеште Кыргызстан курама командасы командалык эсепте 1-орунду ээледи. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 38-ирет уюшулган мелдешке 7 мамлекеттен 180ден ашык мушкер катышып, 10 салмактык бөлүктө жеңүүчүлөр аныкталды. Анда кыргызстандык мушкерлер 5 салмак категориясында 1-орунду ээлешти.

Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:  

49 килограмм салмакта -  Турат Осмонов (Кыргызстан)  

52 кг - Олжас Саттибаев (Казакстан)  

56 кг - Өмүрбек Малабеков (Кыргызстан)

60 кг - Медер Мамакеев (Кыргызстан)  

64 кг - Эрмек Сакенов (Кыргызстан)  

69 кг - Фёдор Виноградов (Орусия)

75 кг - Абзал Куттыбеков (Тажикстан)

81 кг - Батырали Мамажанов (Өзбекстан)

91 кг - Чингис Борбашев (Кыргызстан)

91 килограммдан жогорку салмакта - Артём Сусленков (Орусия)  

Эске салсак, мелдеш 29-январда старт алган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
bossmos7
2014-02-03 12:32:27
Азаматтар! Алга!
+1
furkat.0097
2014-02-12 09:23:27
эн сонун . Кыргызстан алга.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан