Биз социалдык тармакта

Мраморное айылындагы мектеп жаңы окуу жылында пайдаланууга берилет

Аламүдүн районунун Мраморное айылындагы мектепке 275 орундуу жаңы окуу корпусу курулду. Бул тууралуу бүгүн, 9-сентябрда Курулуш министрлиги билдирди.
Маалым болгондой, курулушка республикалык бюджеттен 111 миллион сом бөлүнгөн, жалпы аянты 1975 чарчы метрди түзөт. Анда окуу класстары, китепкана, лаборатория, жыйындар залы жайгашып, жайкы машыгуу аянтчасы жасалды.
Мектептин жаңы корпусу окуу жылынын башталышы менен пайдаланууга берилип, эки нөөмөт менен 600гө жакын окуучунун билим алуусуна шарт түзүлөрү маалыматта кошумчаланды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан