Биз социалдык тармакта

Азия оюндарына бара турган эркин күрөш боюнча балбандардын тизмеси толукталды

Японияда өтө турган 2026-жылкы Азия оюндарына баруучу Кыргызстандын эркин күрөш боюнча курамасы толукталды. Буга чейин Дүйнөлүк күрөш бирикмеси тизме өзгөрүшү мүмкүндүгүн билдирген.

Маалыматка ылайык, мелдеште 6 салмак категориясында медалдар ойнотулат. Кыргызстандын Күрөш федерациясынын маалыматын боюнча, өлкө намысын 6 балбан коргойт. Эркин күрөш боюнча мелдештер 30-сентябрда башталат.

Курамдын тизмеси:

  • 57 килограммга чейин - Бекзат Алмаз уулу;
  • 65 килограммга чейин - Эрназар Акматалиев;
  • 74 килограммга чейин - Орозобек Токтомамбетов;
  • 86 килограммга чейин - Малик Шаваев;
  • 97 килограммга чейин - Каныбек Абдулхаиров;
  • 125 килограммга чейин - Арсланбек Турдубеков.

Эскерте кетсек, XX Азия оюндары 19-сентябрда башталып, 4-октябрга чейин уланат. Мелдештер Япониянын Нагоя шаарында орун алат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан