Биз социалдык тармакта

Азия оюндары: Волейбол боюнча Кыргызстандын командасы В тайпасында ойнойт

Кыргызстандын волейбол боюнча улуттук курамасынын 2026-жылкы Азия оюндарындагы оюндарынын жадыбалы белгилүү болду.

Чүчүкулактын жыйынтыгында Кыргызстан В тайпасына кирип, Иран, Индонезия жана Таиланд менен ойнойт.

  • 27-сентябрь: Иран – Кыргызстан;
  • 28-сентябрь: Индонезия – Кыргызстан
  • 29-сентябрь: Кыргызстан – Таиланд

Волейбол боюнча мелдештер 16-сентябрдан 3-октябрга чейин өтүп, ага 16 команда катышат. Тайпалык этаптан ар бир тайпадан мыкты эки команда плей-оффко чыгат.

Эскерте кетсек, XX Азия оюндары 19-сентябрда башталып, 4-октябрга чейин уланат. Мелдештер Япониянын Нагоя шаарында орун алат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан