
Бүгүн, 11-сентябрда Талас шаарына 30 электробустун ачкычтары тапшырылды. Бул иш-чарага президент Садыр Жапаров катышты.
Коомдук транспорт Талас шаарынын ичиндеги жана шаарга жакын жайгашкан айылдардагы жүргүнчүлөрдү тейлейт. Учурда жаңы каттамдардын схемалары жана жүрүү графиктери иштелип чыгууда.
Ошондой эле электробустарга керектүү кубаттоо станциялары жеткирилди. Аларды орнотуу жана электробустарды токтотуу үчүн “Талас автобекети” мекемесинин аймагында атайын жайлар даярдалды.
