Ысык-Көлдүн жээгинде ак көйнөк кийип, ак куудай буралып бийлеген Гүлшайыр Курманакун кызы көпчүлүктүн көңүлүн бурду.
Ал ырчы Гүлнур Сатылганованын "Ысык-Көлдү сагынуу" аттуу ырына бийлеп, көл жээгинде өзгөчө образ жараткан.
Белгилей кетсек, Гүлшайыр Курманакун кызы жолдошу менен бирге Көчмөндөр оюндарынын катышуучуларына улуттук бийлерди үйрөтүүгө да салым кошкон.