Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-сентябрда Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында калаадагы борбордук мечиттин ачылыш аземине катышты.
Төрт кабаттуу имарат 4500 адамды кабыл алууга ылайыкталган. Мечитте кенен намаз окуу залдары, диний билим берүү жана коомдук иш-чараларды өткөрүү үчүн атайын бөлмөлөр каралган.
Мамлекет башчысы мечитти кыдырып, анын жабдылышы менен таанышып чыкты.
Аземдин соңунда мечитте куран окулду.