Биз социалдык тармакта

Кочкор райондук сотунда сапатсыз эмеректер сынга алынды (видео)

Кечээ, 10-сентябрда Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев Кочкор райондук сотунун материалдык-техникалык абалын текшерүү учурунда жаңы алынган эмеректердин сапатын сынга алды.

Анын айтымында, айрым столдордун ортосу ийилип, креслолор талаптарга жооп бербейт. Мындай сапатсыз эмеректер узакка кызмат кылбай турганын белгиленди. Мындан тышкары, архивдик документтерди сактоочу бөлмөдөгү аба соргуч да жетиштүү деңгээлде коюлбаганын белгиледи.

Райондук соттун жетекчилиги эмерек менен камсыздаган компанияга буга чейин эле доомат коюлганын билдирди.

Текшерүүнүн жыйынтыгында Сатыев сапатсыз эмеректердин баарын кыска мөөнөттө алмаштырууну тапшырды.

Кочкор райондук сотунда сапатсыз эмеректер сынга алынды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан