Биз социалдык тармакта

Орусиядан 1,5 жылда 100 миңдей мигрант сыртка чыгарылды

Орусияда миграциялык мыйзамдарды бузган 100 миңге жакын чет элдик жаран өлкөдөн чыгарылды. Алардын 75 миңи мажбур чыгарылган. Бул тууралуу өлкөнүн Жарандык жана чет өлкөлүк жарандарды каттоо маселелери боюнча кызматынын жетекчиси Андрей Кикоть билдиргенин чет элдик басылмалар жазышууда.

Анын айтымында, дагы 197 миң мигрантка Орусияга кирүүгө чектөө коюлган.

"Жалпысынан акыркы 1,5 жылда өлкөдө 800 миңдей чет элдик миграциялык мыйзамдарды бузганы аныкталган. Ошондой эле жасалма документтерди колдонуу жана убактылуу никеге туруу фактылары көбөйгөнү белгиленди. Миграциялык кызмат мыйзам бузгандарды көзөмөлгө алынган адамдардын реестрине киргизип, алар боюнча издөө иштерин жүргүзүп жатат",- деп белгиленген маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан