Биз социалдык тармакта

Таласта жаңыланган “Манас Ордо” ачылды (сүрөт)

Бүгүн, 11-сентябрда Таластагы “Манас Ордо” комплексинин жаңы объекттеринин ачылыш аземи болуп, ага президент Садыр Жапаров катышты.

Учурда комплекстин аймагында масштабдуу оңдоо жана реконструкциялоо иштери жүргүзүлүп, бир катар жаңы объекттер курулуп, айрымдары жаңыланды.

Алардын катарында:

  • 2676 чарчы метр аянттагы, 200 орунга ылайыкталган, мамлекеттик, эл аралык, маданий жана илимий иш-чараларды өткөрүүгө арналган Конгресс-холл бар.
  • Конокторду кабыл алуу үчүн зыяратчылар үйү,
  • беш коттедж жана банкеттик зал
  • жалпы аянты 531 чарчы метрди түзгөн жаңы административдик корпус курулду.
  • “Манас” музейи жаңыланып, анын аянты 1090 чарчы метрге чейин кеңейтилди. Музейде заманбап санариптик жана голографиялык технологиялар да киргизилди.
  • массалык иш-чараларды өткөрүү үчүн аянтча – 3 000 орундуу, жалпы аянты 2752 чарчы метрди түзгөн жабык трибуна да реконструкцияланды.
  • Комплекстин туристтик жана маданий инфраструктурасын өнүктүрүү максатында жалпы аянты 351 чарчы метр болгон сувенир дүкөндөрү да курулду.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан