Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-сентябрда Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Талас шаарындагы борбордук стадиондун курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев мамлекет башчысына объекттин негизги көрсөткүчтөрү жана курулуш иштери тууралуу маалымат берди.
Жаңы көп функционалдуу спорт комплекси 5 миңден ашык көрүүчүгө ылайыкталат. Анда футбол, жеңил атлетика жана башка спорт түрлөрү боюнча машыгууларды жана мелдештерди өткөрүүгө шарт түзүлөт. Ошондой эле республикалык жана эл аралык деңгээлдеги маданий-массалык иш-чараларды өткөрүүгө мүмкүнчүлүк болот.
Президент стадиондун Талас облусунун тургундары үчүн социалдык мааниси жогору экенин белгилеп, курулуш иштеринин сапатын камсыз кылууну жана спорт комплексин белгиленген мөөнөттө пайдаланууга берүүнү тапшырды.