Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев улуу кызы Саида Мирзиёеваны кечээ, 10-сентябрда Ташкент эл аралык финансы борборунун жетекчиси кылып дайындады. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Шерзод Асадов Өзбек басылмаларына билдирген.
Маалыматка ылайык, 2025-жылдын июнунан бери Саида Мирзиёева президенттин администрациясынын жетекчиси кызматын аркалап келет. Асадовдун айтымында, ал мындан ары эки кызматты тең алып барат.
Ташкент эл аралык финансы борбору – жаңы структура. Борборду түзүү тууралуу жарлыкка Мирзиёев 2026-жылдын мартында кол койгон. Документте айтылгандай, анын максаты инвестицияларды көбөйтүү, капитал рыногун өнүктүрүү, эл аралык стандарттарды киргизүү жана Ташкентти эл аралык финансы хабына айландыруу болот.
Асадов билдиргендей, борбордун жетекчисинин негизги багыты анын ишке киришин координациялоо болот: биринчи кезектеги документтерди даярдоо, мамлекеттик органдар менен борбордун структураларынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү түзүү.