Кечээ, 12-сентябрда Ош шаарында №29 мектептин жаңы окуу корпусу пайдаланууга берилди. Ачылыш аземине президент Садыр Жапаров онлайн катышканын мэриядан билдиришти.
Маалым болгондой, үч кабаттуу мектеп 275 окуучуга ылайыкталып, заманбап жана ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Имарат мурда курулушу бүтпөй калган объект болгондуктан, ал реконструкцияланды.
Эскерте кетсек, жаңы мектеп Кыргызстан эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата өлкө боюнча ачылып жаткан 105 социалдык объекттин бири болду.