Бүгүн, 13-сентябрда Бишкекте Улуттук шахмат академиясынын расмий ачылыш аземи өттү. Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, экс-президент Роза Отунбаева, Кыргыз шахмат союзунун президенти Аида Салянова жана балдар катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө Адылбек Касымалиев академиядагы балдар үчүн түзүлгөн шарттар менен таанышып, шахматчылардын ата-энелери менен баарлашты. Ачылыш аземинде Касымалиев борбордук шахмат тактасында алгачкы жүрүштү жасап, академиянын ишине расмий старт берди.
Учурда Кыргызстандагы 500 мектепте 3–5-класстын окуучулары үчүн "Мектептердеги шахмат" долбоору пилоттук негизде ишке ашырылууда.