Биз социалдык тармакта

ЖЫЛНААМА, 13-сентябь: Бүгүн ырчы Асел Турдалиеванын туулган күнү

Бүгүн, 13-сентябрь – Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Асел Турдалиеванын туулган күнү. Ал бул жылы 57 жашка толду.

Асел Турдалиева 1969-жылы Фрунзе шаарында төрөлүп, алты айлыгынан тартып Нарын облусунда чоң энесинин колунда өскөн. Ал чыгармачылык жолун актрисалыктан баштап, кийин кыргыз эстрадасында өзүнүн ордун тапкан.

Ырчы алгач сахнага «Жаз жамгыры» ыры менен чыгып, 1994-жылы Бек Борбиевдин «Бек» тобунда ырдаган. Кийин өзүнүн «Асел Азия стайл» тобун түзүп, жеке чыгармачылык жолго түшкөн.

Бүгүнкү күндө Асел Турдалиева ырчылык менен катар жаштарга билим берип, кыргыз искусствосуна салымын кошуп келет.

SUPER.KG порталы да ырчы айымды туулган күнү менен куттуктап, чыгармачылык ийгилик жана ден соолук каалайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан